Түштүк Кореяда жыл сайын өтө турчу баткак, Жапониядагы ун жана жумуртка, Мексикадагы өлүктөр фестивалы эс алуучуларды өзүнө тартып, кызыгуу туудурат.
Кыргызстан да дал ушундай өзгөчө иш-чаралардан куру кол эмес.
Алдыда кызыктуу делген жана өткөрүлүп келген фестивалдар тизмесин сунуштайбыз.
Кыргызстан Санта-Клаустардын мекени
Буга чейин финляндиялык СВЕКО фирмасынын Швециядагы эксперттери эгерде Санта Клаус Кыргызстанда жашаса, дүйнөдөгү бардык балдарга бир убакытта белек жеткирүүгө жетишээр эле деп жоромол кылышкан.
«Кыргызстан Санта-Клаустардын мекени» фестивалына ондон ашык мамлекеттердин аяз аталары катышканы белгилүү.
Күрүч фестивалы
Эң даамдуу фестивалдардын бири данды өстүрүү менен алектенген элдин улуттук маданиятын жана салттарын көрсөтүү, тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн.
Анда күрүчтүн сорттору сунушталган.
Сары кыздын тоюу
«Сары кыздын тоюу» аттуу өрүк фестивалы быйыл өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, бул салтанат Ысык-Көлдүн тургундарынын башын бириктирүүчү майрам.
Анда жарандар өрүк чарбасын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу менен гана чектелбестен ортодогу карым-катнаштырды дагы бекемдешет экен.
Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү
Тасма фестивалы алты жыл катары менен уюштурулуп келет. Сынактан эң кызыктуу делген чет элдик жана улуттук тасмаларды көрүүгө болот.
Толук метраждуу болбосо да Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын фестивалын ийгиликтүү өткөрүп келет.
Оймо фестивалы
Ар бир жайдын июль айынын акыркы жумасында Кыргызстанда оймо-арт фестивалы өтөт. Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрүнүн атын даңазалаган иш-чарага миңдеген көрүүчүлөр катышат.
Курут фестивалы
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде уюштурулган улуттук курут фестивалы быйыл биринчи жолу өткөрүлдү.
Кыргызстандын ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрү улуттук тамак-аштын жана куруттун жасалышы боюнча мастер-класс өтүп, шаар жашоочуларын жана курут сүйүүчүлөрүн бакытка бөлөгөн.