Спутник шаар — ири калаанын жанында жайгашкан өзүнүн өндүрүш тармагы, айыл чарбасы жана инфраструктурасы бар шаар тибиндеги айыл дегенди билдирет.

Быйыл жыл башында Сокулук районундагы эки шаарчанын курулушу мамлекеттик деңгээлде каралган.

“Сокулук районундагы курула турган шаардын перспективасы каралып жатат. Азырынча генералдык планы иштелүүдө”, — дейт архитектура жана шаар курулушу агенттигинин Сокулук району боюнча башчысы Бекболот Жанузаков.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин чоң шаарлардын жанына дагы бир кошумча шаарды куруу дүйнөгө тараган. Мындай калааларды куруу калкы батпай кеткен, абасы кирдеген шаардын эли ошол жаңы  шаарчаларга көчөт деген үмүттү жараткан. Алар функциясына жараша өндүрүштүк, өндүрүш-транспорттук, курорттук жана жашоого ылайыкталган болуп бөлүнөт.

Ал ири агрардык-өндүрүштүк борбор болуп, өзүнчө административдик башкаруусу бар, жогорку инвестициялык потенциалга ээ, шаар болот.

«Ал эми Күн-Туу айылында 30 гектар жерге спутник шаарчасын куруу боюнча тапшырма берилген. Ал азыр мамлекеттик курулуш агенттигинде каралууда. Ага карата конкурстук негизде тендер өткөрүлүшү керек», -дейт Жанузаков.

Күн-Тууга мектеп, бала бакча, оорукана, окуу жайлар, ишканалар салынат. Андан сырткары 70 даана 9 кабаттуу үйлөрдүн курулары айтылган.

Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги 2016-жылдын планы менен тааныштыруу учурунда, инвестор конкурстук негизде тандалат. Ошондой эле инвестициялоого 250 млн доллар керектелет деп айткан.

Шаар долбоорунда кичи ГЭСди куруп энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болуу жана тургундарды газ менен камсыз кылуу да каралган болчу.

Ошондой эле дагы бир шаарчанын курулушу сунушталып жатканын архитектура жана шаар курулушу агенттигинин Москва району боюнча башчысы Эльмирбек Мамытов билдирди.

Анын айтымында, Александровка айылында 30 гектар жерге спутник шаары түшөт. Ал дагы өзүнчө потенциалга ээ өнүккөн шаарлардан болот.

Бишкек шаарына жанаша түшө турган шаарлардын курулуштары качан башталары али белгисиз. Бирок, пландоолор боюнча алар 2018-19-жылдары бүтүшү керек деп айтылган.

Бөлүшүү