“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев шаарды жакшыртуу жана жаңылоо үчүн эски үйлөрдү сүрдүрүү боюнча көтөргөн мыйзам долбоорунан баш тартты.
Партиянын Facebook баракчасына жазган билдирүүсү боюнча, Текебаев демилгечи топтун жарандык позициясын сыйлап, чочулоолорун эске алып оюнан кайткан.
“Кийинки муундун саясатчылары шаарды жаңылоону ишке ашырат” – деген ойдомун деп эл өкүлү билдирген.
Бирок, ал активисттердин сунушталган мыйзам долбоору конституцияга туура келбейт дегенине макул эмес. Конституциянын 12 беренесинин 2 бөлүмүндө менчик ээсинин мүлкүн алып коюуну сот гана чечет. Ал эми мүлктү соттун чечимисиз алып коюу коомдук тартипти сактоодо, улуттун коопсуздугун коргоодо, укукту жана эркиндикти коргоодо ишке ашырылат деп белгилеген.
“Ошондуктан силердин мындай оюңар жаңылыштык. Муну мен –өлкө мыйзамынын башкы демилгечиси катары айтып жатам”, — деген.
Белгилүү болгондой, апрель айында 1996-жылга чейинки эски үйлөрдү түрттүрүп, ордуна заманбап үйлөрдү куруу жөнүндөгү мыйзам долбоорду Өмүрбек Текебаев коомдук талкууга койгон.
Белгиленген аймакка 1,5 гектарлык Сүйүмбаев, Линейный, Жибек жолу көчөлөрү жана Жаш гвардия бульвары менен чектелген квадрат кирген.
Демилгечилердин тобу жана коомдук активисттер бул мыйзамга каршы чыгышкан. Ал ортодо эл өкүлү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар менен жолугууга барган.
Буга чейин аталган демилгечилер кол чогултуп Текебаевди мандатынан айырганы жатат деген кептер айтылган.