15-августтан тарта Бишкек шаарынын, Чүй, Баткен, Жалал-Абад облустарынын паспорт-виза жана регистрациялык кызмат бөлүмдөрү документтерди каттоо боюнча эмес, жашаган жери боюнча бере баштайт.

Мындай ыкма жарандардын убакытын үнөмдөп, шартын жеңилдете турганын мамлекеттик катоо кызматы билдирди.

Бул мүмкүнчүлүк “Паспорт”, “ЖААК” жана “АСБ” маалымат системаларынын автоматташтырылганынан улам ишке ашкан.

«Эгерде жаран Нарында катталып бирок, өзү Кеминде жашаса паспорт үчүн Нарынга барышы кажет эмес. Кеминден эле тиийштүү документти ала берет», — деп маалымдады.