Маданият маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов ээлеген кызматынан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Буга чейин коомчулукта Максүтовдун кете турганы айтылып жүргөн.

Ал 2014-жылы октябрда аталган кызматка дайындалган.