16-июлдагы аскер төңкөрүшүндө набыт болгондордун урматына борбордук аянттын аты өзгөрөрүн шаар мэри Мелих Гөкчек билдирген.

“Ошол жерде көптөгөн жарандар каза болгон. Андыктан, бул аянтты шейит кеткендердин аянты деп атоо туура болот жана аларга арнап монумент тургузуу керек” – деген оюн Гөкчек кошумчалаган.

Буга чейин Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Босфор аркылуу өткөн Стамбул көпүрөсү козголоңдо курман болгондордун элесине арналган атты аларын айткан.

Түркияда 16-июлга караган түнү аскер төңкөрүшү болуп, 290дон ашуун адам каза болгон. Бийлик козголоңду уюштурду деп коомдук ишмер Фетхуллах Гүленди жана анын кыймылын колдогондорду күнөөлөп жаткан убагы.

Бөлүшүү