Пан Ги Мун Рио-Де-Жанейродогу олимпиада оюндарына карата каршылашып жаткан тараптарды убактылуу болсо да жарашууга үндөдү.

Твиттер аркылуу видео кайрылуу жасап, олимпиада оюндарынын катышуучуларын, күйөрмандарын куттуктады.

“Тынчтык биздин өзүбүздөн башталат. БУУ менен Эл аралык олимпиада комитети “Тынчтык жана ааламдашуудагы гармония үчүн” чогуу кызмат кылышат”, — деди башкы катчы.

193 мамлекет мүчө болгон БУУнун генералдык ассамблеясы 1993-жылдан бери элдештирүүнүн резолюциясын колунда кармап келет. Бирок, ага карабастан араздашуулар токтобой келет.