Кыргызстандын жаштар курама командасы U-19 (19жашка чейинки) CAFA Cup–U-19 эл аралык турнирине даярдана баштады.
Борбор Азия мамлекеттеринин катышуучулары үчүн турнир 6-9 август күндөрү Ташкент (Өзбекстан) шаарында болот.
Футбол федерацисы кабарлагандай, азыркы убакта жаштар машыгууларын Бишкекте Владимир Салонун жетекчилиги алдында өткөрүүдө.
Бардыгы болуп 23 оюнчу барат.
«CAFA Cup – U-19″ турниринде кыргыз курамасы»А» тайпасында Өзбекстан жана Афганистан менен ал эми экинчи тайпады Түркменистан, Иран жана Тажикистан менен чыгары белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, тайпалардын жеңүүчүлөрү финалда ойношот.