1«Өкүрүк» менен келген Максүтов

Алтынбек Максүтов 2014-жылы октябрь айында маданият министри болуп дайындалган. Аны V чакырылыштын депутаты Бөдөш Мамырова айрым маданият өкүлдөрүнүн дүйнөдөн өтүп кетишине күнөөлөгөн. Себеби мурдагы министр Камила Талиеванын убагында маданият кызматкерлери анын ичинде Максүтов дагы бар “Маданият өлдү” деген өкүрүк менен өкмөттүн алдына барган.

2Пара берип министр болдубу?

Министр болуу үчүн “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттарына пара бериптир деген такталбаган маалыматтар айтылып жүрөт.

3Тарзанкадан секирген министр

Максүтов тарзакадан КМШ өлкөлөрүнүн маданият министрликтеринин башчыларынын октябрдын аягында өткөн саммитинде секирген.

4Министр болуу анын оюнда жок болчу

Буга чейин Максүтов калың элге филармониянын режиссеру, актер катары тааныш эле. Саясатта мурун аты чыкпаган адам кантип министр болду деп таң калгандар болду.

Анын министр болоюн деген ой жок экенин өзү да айтып жүрдү.

«Бирок буга чейинки министрлердин аткарып жана аткара албай жаткан иштери, алган максат багыттары боюнча жамаат арасында жана маданий чөйрөдө көп ойлорумду айтып жүргөм», — деген ал.

5Порнографиялык тасмаларга тыюу салгысы келди эле

«Порнографиялык тасмалар түрдүү кылмыш көрүнүштөрү үчүн азыктандыруучу чөйрө болуп саналат», — деп уяттуу тасмаларга тыюу салгысы келген министрдин долбоору интернет айдыңында көп талкууга кабылган.

Министрдин бул демилгеси эмнеден улам ишке ашпай калганы белгисиз.

Бөлүшүү