Тажикстан алыш, гүлеш жана таяк тартыш оюндары менен келерин белгилеп, табыштамасын жөнөткөн.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышууну каалаган мамлекеттердин саны дагы арбыды. Тажикстан кошулуп өлкөлөрдүн тизмеси 20га жетти.
Тышкы иштер министирлиги, көчмөндөр оюндарынын катчылыгы, спорт агенттиги жана спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерация тарабынан 36 өлкөгө расмий сурам жөнөтүлгөн.