Бул тууралуу Франциянын президенти Франсуа Олланд Кыргызстандын элчиси Асеин Исаевди кабыл алган учурда билдирген.

Жолугушуунун аягында Франциянын президенти Кыргызстанды демократиянын үлгүсү катары атап, президент Атамбаевди аймакка өтө пайдалуу ролду аткарып жатат деп баалады.

Ошондой эле ал Кыргызстанга келүү ниетин билдиргени маалым болду.

Мындан тышкары Олланд француз компанияларынын Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруусуна кызыкдар экенин айтып өттү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жылы жазында Европага жасаган иш сапарында Франциянын президенти Франсуа Олландды Кыргызстанга чакырган.

Бөлүшүү