Шаар мэри Давид Линсар муну теракттардан чочулоо жана андан сактануу катары түшүндүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар режиминде шаар башчылыгы курал, жарылуучу заттар бата турган чоң баштык, чемодан, оролгон түйүнчөктөрдү алып келүүгө 31-декабрга чейин тыюу салган.

Ниццадагы теракттан кийин туристтик жайларда жана жээктерде патрулдук кызматтын күчөтүлөрү айтылган. Буга чейин өлкө президенти Франсуа Олланд келерки жылдын январь айына чейин өзгөчө кырдаалдар режимин узартканы белгилүү болгон.

Маалым болгондой, жүк ташуучу унаанын айдоочусу майрамдап жаткан шаардыктардын тобун тебелетип, 84 адам жабыркаган. Ислам мамлекетинин тиешеси бар болгон.

Көп өтпөй чиркөөдө сыйынып жаткандарды куралчан адамдар барымтага алган. Кылмышкерлер атылып, бир чиркөө кызматкери каза болгон. Өлкө бийлиги бул окуяны теракт деп атап, кол салгандар өздөрүнүн ИШИМге тиешелүүлүгүн билдиришкен.