Буга чейинки оюндарда Кыргызстан канча жолдомо алып келген. Рекорддор кайсы жылы болгон? Атлантадан Риого чейинки Олимпиада оюндарындагы көрсөткүчтөрдү сунуштабыз.

Атланта оюндары 1996-жыл

Атланта Олимпиадасы

33 оюнчу спорттун 9 түрү боюнча.

Эгемендүү мамлекет катары Кыргызстан Олимпиада оюндарында расмий катышкан оюн Америкада болгон.

Ошол кезде алгачкы жолу 200 мамлекеттин арасында кыргыздын туусун желбиреткен спортчу — легендарлуу Раатбек Санатбаев  (грек-рим күрөшү).

2012-жылы Лондон Олимпиадасы

Лондон Олимпиадасы

14 оюнчу спорттун 8 түрү боюнча.

Англиядагы бул оюндарда биздин эң бийик жетишкендик катары эркин күрөштөгү Магомед Мусаевдин 7-орунга ээ болуусу. Бул Олимпиадада Кыргызстан эң аз жолдомо алган деп айтсак болот.

Пекин Олимпиадасы 2008-жыл

Пекин Олимпиадасы

21 оюнчу спорттун 10 түрү боюнча.

Лицензиялардын көбү күрөш жана жеңил атлетикадан болгон.

08.08.08 жылы болгон Кытай Олимпиадасынан Кыргызстан куру кол кайткан эмес. Руслан Түмөнбаев коло, ал эми Канат Бегалиев күмүш медалдарын тагынган.

Ошол кезде аларга  Мицубиси Паджеро унаасы жана убадаланган акчалай сыйлыктары берилген.

Афины Олимпиадасы 2004-жыл

Афины Олимпиадасы

29 оюнчу спорттун 9 түрү боюнча.

Грекияда кыргыз спортчулары медалга канчалык аркет кылышпасын бирок майнап чыккан эмес.

Смагуловдун эрдигин кайталабанбаса да, Олимпиаданын башкы девизи «эң башкысы жеңиш эмес, катышуу» деп өзүбүздү-өзүбүз жубатып койгонбуз. Спортчулар  бул оюндан 23-22-орундарды алышкан.

Сидней Олимпиадасы 2000-жыл

Сидней Олимпиадасы

48 оюнчу спорттун 9 түрү боюнча.

Австралияда болгон бул оюндардын мекенибиз үчүн абдан чоң мааниси болгон. Биринчиден рекорддуу жолдомолор (48 лицензия анын ичинен 13ү кыздарга таандык), экинчиси эгемен Кыргызстандын эсебиндеги биринчи медалга ээ болгонбуз.

Айдын Смагулов (дзюдо) үчүнчү орунду ээлеп коло медал тагынган.

Рио Олимпиадасы 2016-жыл

Кыргызстан

19 оюнчу спорттун 7 түрү боюнча

Бразилияга жалпы 35 адам. Бир топ чыр менен коштолгон бул оюндарда Жанарбек Кенжеев лицензиясынан айрылып, кайрадан кайтарып алды. Тарыхта биринчи жолу оор атлетчи кыз да катышаарын белгилей өтүү керек.

Кураманын капитаны жана желекти көтөргөн Арсен Эралиев.

Бөлүшүү