Орусия Олимпиада комитетинин башчысы Александр Жуков оор атлетчилердин саны аз болору билдирди.
Ал азырынча эл аралык федерациялардын айрымдары орусиялык спортчуларды Олимпиадага жиберүү боюнча акыркы чечимдерин жарыялай электигин айтты.
Буга чейин комитет Олимпиада оюндарына 270тей атлет барарын билдирген эле.
18-июлда Эл аралык допингге каршы агенттик атайын баяндамасын жарыялаган. Анда орусиялык допингге каршы агенттиктер өз спортчуларынын анализдерин алмаштырып келгени жана буга Орусиянын ФСБсынын да катыштыгы бар экени жазылган.
Ага карабай, Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык спортчуларды Риодогу оюндардан четтетпөө боюнча чечим кабыл алган. Ал акыркы сөздү спорттун түрлөрү боюнча федерациялар айтарын билдирген. Алар бүгүнкү күнгө карата Орусия курамасындагы 387 спортчунун ичинен 100дөйүн мелдештен оолактатты.