Sky Way технологиясынын бул түрү ойлоп тапкан кишинин урматына Юницкийдин кыл (струнный) транспорту деп аталат. Инженер Анатолий Юницкий 40 жылдык убакытын транспорттун конструциясын түзүүгө арнаганын белгилейт.

Анын девизи – “Sky Way менен планетаны сакта” деп аталат.

скай 1

 

Юницкийдин транспорту — 5-25 метрге чейин бийиктикке орнотулган жүргүнчү жана жүк ташуучу транспорттун асма түрү. Биринчи түрү шаар ичинде эл ташуучу болуп бөлүнөт. Ал эми жүк ташуучу юнибустар мунайдан баштап турмуш-тиричиликтен чыккан калдыктарга чейин ташыйт. Саатына 500 км жүрөт. Эгерде бул демилге ишке ашып калса дүйнөдө жол кырсыктары, тыгындар алда канча азаят. Жол кире кадимки транспорт каражаттарына караганда 7 эсе арзан болот.

асма унаасы

Мындай мүмкүнчүлүктү инвестициялоого эбегейсиз каражат кеткендиктен демилгечилер элдик инвестициялоо программасын иштеп чыгышкан.

 

Башкача айтканда, бул долбоорго каалаган адам салымын кошо алат. Акция топтоп дивиденддерге ээ бол, ар кандай акцияларды уюштуруп Орусиядан 1 гектар жер тилкесин утуп ал деп үгүттөгөн компаниянын иш аракеттери анын кадимки финансы пирамидасы эмеспи деген күмөн жаратат.

Башка желе маркетингиндей эле ага баштапкы төгүм акчасы төлөнүп, киши ээрчитип келүү керек.

аасма унаа

Sky Way компаниясы быйылкы жылдын биринчи айларында Кыргызстанга келген.

Жакында Ош шаарынын мэриясында Sky Wayдин лидерлер кеңешинин өкүлдөрү инновациялык технологиясы тууралуу презентация жасап, таанытуу иштерин жүргүзүшкөн.

Компаниянын өкүлү Алексей Васильев өз сөзүндө ушул жылдын Минск шаарында биринчи транспорт чыгарын, андан кийин бул транспорт Монголия, Кыргызстан жана Казакстанга куруларын белгилеп өткөн.

асма унааа

Бирок, асма транспорт каражатынын инвестициясы кайсы бир өлкө же инвестор тарабынан колго алынбагандан кийин шек жаратпай койбойт. Эгерде долбоор ишке ашып калса “Азамат” унаа базарынан Аламедин-1ге чейин 5 мүнөттө жетүүгө болот.