Жабыла турган маалымат каражаттарынын катарына 3 маалымат агенттиги, 16 телеканал, 30дай басмакана жана 40ка жакын күн сайын чыгуучу гезиттер кирет.
CNN Turk билдиргендей, кээ бир ММКнын ишинин токтотулушу өзгөчө кырдаалдар режимине байланыштуу болсо, кээ бири Фетхуллах Гүленге тиешеси бар делген Feza медиахолдингине байланышы бар болгондугу үчүн жабылат.
15-июль түнү болгон аскерий төңкөрүш аракети болуп, бийлик козголоңду басып калууга жетишкен. Ага катыштыгы бар делген 15 миңден ашуун адам кармалган. 1,5 миң аскер кызматкери жумуштан алынган.