Өткөн жумада Түркия Кыргызстанга кайрылуу жасаган. Анда гүлен уюмуна тиешелүү мекемелер жабылышы керек экендиги тууралуу эскертүү берилип, эгерде гүленчилерге карата көз караштар өзгөрбөсө, эки өлкөнүн мамилеси да өзгөрөрү мүмкүн экени белгиленген.

Мындай ультиматум аткарылбаса кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, Түркияны угуп түрк окуу жайларын жабуу керекпи деген суроолорго жаралбай койбойт.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков айтымында, Кыргызстан алардын талабын аткарат.

«Кыргызстан бул маселени чечебиз же чечпейбиз деп так айткан жок. Ойлонобуз деген гана оюн айтты. Ал эми Түркиянын Кыргызстанга болгон таасири чоң болгондуктан, жакын арада алардын талабын аткарууга туура келет”, – дейт Жээнбеков.

Ошондой эле экс-депутат Атамбаевдин алар жакын мамилеси бар экенине токтолду.

«Инвестиция, насыялоо жагынан жардамдары бар. Алардын оюу менен эсептешүүгө туура келет. Тышкы иштер министрлиги ойлонуп көрүп, анан чечебиз деп туура айтты. Эгерде өтүнүчтөрдү аткара албайбыз десек анда мамилебиз начарлайт” –дейт эл өкүлү.

Ал эми саясатчы Эдил Байсалов Түркиядай Кыргызстанга жакын өлкө жок экенин айтты.

«Маданиятын таанып, тилин үйрөнүп, жаштарды билим алууга жиберип, алар бизге жөнөтүп жатат. Андан сырткары эки өлкөнү 90% ошол түрк билим берүү мекемелери жакындатууда. Башкача айтканда алысты жакындатып жаткан “Себат” мектептери болуп жатса, кайра Түркия ошол мектептерге каршы чыгып жатканына таң калдым.  Биз аны өлкөнүн дипломатиялык жетишкендиги катары кабыл алып жүрсөк, аны балталоого аракет жасап жатканы кызык. Азыркы учурда биздин өлкөдө аталган мектептерге альтернатива жок”, – дейт.

Мындан тышкары, ал бул жөн гана Түркиянын ич-ара касташуусу деп белгиледи.

“Эки тарап эртең эле жарашат. Биз аларды үй-бүлөдөгү бир туугандардын араздашуусу катары карасак болот. Ошондуктан, эч бирине тартууга болбойт. Шашылыш чечимдерди кабыл албаш керек” – дейт саясатчы.

Саясий серепчи Марс Сариев Түркиянын тышкы иштер министрлиги туура эмес билдирүү жасаганын билдирди.

«Дипломатияда мындай ультиматум болбошу керек. Ал эми КРдин ТИМи туура эле жооп берди. Мамлекеттин суверендүү болгону, чечимдерди өзү чыгарары чын. Түрк окуу жайларында 10 миңдей окуучу бар. Ошондуктан, дароо жаап салбастан сыртынан көзөмөл жүргүзүү керек. Билимдүү адистерди даярдап чыгып жатса, саясасий бир факты болбосо кандай негизде жабылыш мүмкүн?” –дейт серепчи.

Анын билдирүүсү боюнча, эки тараптын мамилеси өзгөрбөйт.

“Түркия түшүнөт, эч нерсе өзгөрүлбөйт. Орто Азияда Кыргызстандан башка таяна турган өлкөсү жок. Гүлендин адамдары азыр Түркиядан качып жатат. Бул жакка келип саясатка аралаша турган болсо албетте, анда башка маселе”, – дейт ал.

 

Бөлүшүү