Таанышуу  учурунда президент Алмазбек Атамбаевге  архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов курулуш иштерине 1000ден ашык адам тартылганы, ошондой эле 80 ар кандай түрдөгү техникалар иштеп жатканы тууралуу маалымат берди.

Турдубек Мамбетовдун айтымында, азыркы учурда ат майданынын административдик имаратынын бардык кабаттарында жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Трибуналарда отургучтар орнотулууда, металл жабдуулары коюлуп, чуркоочу жолдун негизи салынууда.  Спорт комплекси эл аралык бардык стандарттарга шайкеш келет.

Мамлекет башчы быйыл сентябрь айында өтө турган көчмөндөр оюнунун бийик денгээлине жооп бергидей болушу үчүн  ат майданындагы курулуш иштеринин жана анын аймагын көрктөндүрүүнүн сапаты ойдогудай болушуна өзгөчө көңүл бурду.

Андан ары Атамбаев “Газпром Кыргызстан” компаниясынын колдоосу менен курулуп жаткан жалпы аянты 2 миң чарчы метр келген үч кабаттуу физкультура-ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушу менен таанышты.

Бөлүшүү