Президент Алмазбек Атамбаев УКМК башчысы Абдил Сегизбаевден, ички иштер министри Кашкар Джунушалиевден Эркин Курманалиевдин автоунаасын жардыруу фактысын кылдат териштирүүнү жана кылмышкерлерди табууну талап кылды.

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго жана башкы прокурор Индира Жолдубаевага бул кылмыш иши боюнча көзөмөлгө алууга жана айыпталуучулардын жазага тартылышын камсыз кылууну тапшырды.

Мындан тышкары, өкмөт башчысы жабыр тарткан Эркин Курманалиевге материалдык жардам берүүгө буйрук берди.