Урмат Аманбаевага 3 млн сом айып салынган.
Мындай маалыматты жогорку сот билдирди.
Ага карата башкы прокуратура 2014-жылы 27-октябрда Кылмыш жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Аманбаева 2009-2013-жылдары Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы бухгалтери болуп турганда мамлекеттик каражатка алынган таңкыс дарылардын колдонулду деген көлөмүн жасалмалап көрсөткөн делинген. Мамлекетке 17 миллион 263 миң 500 сом зыян келтирилген.
Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы Урмат Аманабаевага карата 2016-жылдын 19-июлунда токтом кабыл алган. Сот Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун былтыркы жылдын 13-ноябрындагы өкүмүн жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 20-апрелиндеги өкүмүн өзгөрттү.