Күнүмдүк жашоодо орчундуу орду бар интернет бир топ жеңилдиктердин очогу болуп келет.

Кыргыз колдонуучулары үчүн чыгарылган тиркемелердин тизмесин сунуштайбыз.

Эл-сөздүк

Безымянный

К.Юдахиндин сөздүгүнөн баштап кыргыз-орус-англис тилачарына чейин өзүнө камтыган бул колдонмо кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ал өзүнө 2 миңден ашык кыргызча сөздөрдү камтыйт. Ошондой эле виртуалдуу клавиатурага кыргызча тамгаларды (ө, ң, ү) кошуу функциясы бар.

CharbaCHarba-koldonmosu

«Charba» колдонмосунан чарбакерлер жарнак катары өндүргөн продукцияларын жана мал-жандыгын чыгарып турат. Анда башкалардын жарыяларын да көрө алышат. Мындан тышкары, алып-сатарлар  кабардар болуп, керек учурда келип, дүңүнөн алып кетип турушат.

Ойноп окуйбуз 2

86609987d3f0bb2f48946c2108cd2346

Ага Хан фонду USAID менен бирге «Ойноп окуйбуз 2» мобилдик колдонмосун чыгарган.

Ал жерде кыргызча 15 китеп бар. Бул колдонмо менен балдар окуп, кызыктуу көнүгүүлөрдү жасап, окуганын түшүнүүгө жакшы шарт түзүлүп берет. Мындан тышкары 6 китеп орус жана англис тилинде жеткиликтүү. Ата-энелер колдонмону play marketтен жүктөй алат.

Баластан

«Баластан» балдар журналы мобилдик колдонмосун чыгарды. Анда журналдын электрондук версиясынан сырткары балдар үчүн акыл-эсти өстүрүүчү көптөгөн кызыктар бар.

TEZ

 

2016-04-19_11-15-32_137317

Бир нече функционалдуу колдонмо. Бишкек картасынын 3D версиясы, шаардан дарыкана, ашкана, кинотеатр жана башка кызыктыруучу жерлерди табууга жардам берет. Ошондой эле так аба ырайы жана такси чакыруу кызматы бар.

Ал эле эмес Ысык-Көлдөгү абанын жана суунун температурасын байкаганга мүмкүнчүлүк.

Android жана IOS системалары үчүн жеткиликтүү

Teztap.kg

2016-07-27_15-02-05_968289

Бул жерде  кардар менен жумушчу жолугат. Зым күйүп кеттиби же үйдөгү техникабы, айтор teztap.kgге кирип иш билен кызматкерлерди таап алса болот.

 

Lalafo.kg

unnamed

Кыргызстандагы онлайн базарлардын бир түрү. Ар бир колдонуучу каалаганын  сатууга же сатып алууга мүмкүндүк алат.

Бөлүшүү