Курула турган лабораториялар үчүн айыл чарба жана мелиорация министрлиги жооптуу.
Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн өкмөттүн отурумунда билдирди.
“Канча каражат керек болсо ошончо бөлүп берели. Бирок, силер убагында курулуп бүтөрүнө кепилдик бергиле. 2017-жылдын бюджетине жабдууларга керектеле турган каражатты киргизебиз. Лабораторияларды оңдоого жана жабдуулар үчүн Казакстан менен Орусия каражат бериши керек болчу деп, күтүүгө убакыт жок болгондуктан өзүбүз каражат бөлдүк», — дейт өкмөт башчы.
1-августта аталган жайлар иштеп башташы керек болчу. Шартка байланыштуу жылдырууга туура келгенин өкмөт башчы кошумчалады.