“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” МККнын кызматкерлери зайымчылардан төлөмдөрдү накталай алып, жасалма дүмүрчөктөрдү берип, каражаттарды өз чөнтөктөрүнө салышкан.

Андан сырткары И.И. атту жарандын башын айлантып, жасалма документтер менен анын наамына топтук насыя жаздырышып, акчаны өздөрү ээлеп алышкан. Териштирүүлөрдүн натыйжасында күрөөдөгү мүлктү камактан чыгарышып, насыя төлөндү деген жасалма маалымдаманы беришкени да ачыкталган.

Мыйзамсыз аракеттерден улам келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 млн 644 миң сом болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын каржы полициясы билдирген.

Бөлүшүү