Кыргызстанда бир төңкөрүш ишке ашса, Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери ишке ашырат.

Мындай маалыматты Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу СNN Тurk каналына маегинде айткан.

Анын айтымында, бул Кыргызстан үчүн коркунуч.

«Кыргызстан жаңыдан туруктуу мезгилге өтүп баратышат. Буга чейин бир нече төңкөрүштөр болду. Акыркы беш жылда эки жолу парламентке, эки жолу президенттик шайлоо болду”, — дейт ал.

Түркия Кыргызстанга кайрылуу жасаган. Анда гүлен уюмуна тиешелүү мекемелер жабылышы керек экендиги тууралуу эскертүү берилген.

Ал эми Кыргызстандын ТИМи түрк окуу жайларын жабуу жөнүндөгү кайрылуусун туура эмес деп эсептей турганын айтып, жооп узаткан.