Жарым жылда мигранттардан которулган каражаттын көбөйгөнүн экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Быйылкы жылдын январь-июнь айларында мигранттардан 629 млн доллар көлөмүндөгү каражат түшкөн.

Банктар тарабынан берилген насыянын көлөмү азайып, чет элдик банктардын берген насыясы 22,8%га кемиген. Андан сырткары, курулуш обьектилеринин токтошунан улам курулуш материалдарын чыгаруунун көлөмү да азайган.

“ЕАЭБге киргенден кийин Казакстан менен Орусиядан ундан жасалган азыктар келип, азык-түлүк өндүрүшүндө көйгөйлөр пайда болду. Кара-Балтадагы “Жунда” мунайды кайра иштетип чыгуучу заводунун иши укук коргоо органдарынын текшерүүсүнөн кийин токтотулду. Кайрадан ишке киргизүүгө бир ай кетти. Токмоктогу заводдун иши токтогону турат”, — деген сөзүн Кожошев кошумчалады.

Бөлүшүү