«Манчестер Юнайтед» клубунун жарым коргоочусу улуттук курамадан кетип жатканын жарыялады.

31 жаштагы футболчу команданын курамында 2014-жылкы дүйнө чемпионатын утуп алган. Ушуну менен улуттук курама үчүн анын акыркы чыгышы Францияда быйыл өткөн Евро болуп калды. Анда, эске салсак, Германия жарым финалда талаа ээсине утулуп калган.

Шванштайгер улуттук курама үчүн жалпы 120 оюн өткөргөн.