Гүлдүн аты “Titan Arum” же “маркум гүлү” деп аталат. Ал Белгиянын Мейзе шаарындагы ботаника багында гүлдөдү.
Гүл ачуусу 72 саатка гана созулат. Ал мындай кызыктай аталышты өлгөн кишинин жытына окшош жаман жытты чыгарып тургандыгы үчүн алган. Ошондуктан аны жыттайм деп келгендер мурдун жапканга жүз аарчысын кошо ала келишет. Жытына карап тарп жеген курт-кумускалар жана эт чымындар үйүлө берет.
Боюнун узундугу 1,9 метрге жетип, салмагы 18 килограммдын тегерегинде. Ал 5-10 жылда бир гүл ачат жана кээ бирде салмагы 100 кг жетет.
Аталган гүл 1878-жылы Суматра аралында табылган. Дүйнөнүн аз гана коруктары аны колго өстүрө алышкан.