Дем алыш күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

ӨКМ билдиргендей, абанын температурасы төмөндөйт. 30-31-июлдагы жаандуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.