XI Эл аралык «Оймо» фестивалы кечээ Бишкекте башталган.

Маданият министрлиги билдиргендей, иш-чара 7-августка чейин уланат.

Маалымат боюнча, 2006-жылдан бери жыл сайын Кыргызстанда бул фестиваль өтүп келет.

Ал Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көл облусунда аяктайт. Максаты — Кыргызстанды устачылык рыногун өнүктүрүү жана өлкөнүн бермети Ысык-Көлдү эл аралык экологиялык таза маданий туризмдин аймагына киргизүү.