“Highland Gold” ишканасынын акционери Роман Абрамович Жалал-Абаддагы Үңкүрташ кенин иштетүү ниети бар экенин билдирип, кытай инвесторлорун чогуу кызматташууга чакырган.
Бирок, бул өлкөдө кен иштетүүдө тобокелчиликтер көп. Буга чейин кыргыз тараптын наалатына “Центерра Голд” компаниясы менен “Жерүйдү” ээлеген Муса Бажаев калган деп “Коммерсант” гезити жазып чыкты.
Азыр кандайдыр бир чечим чыкты деп айтууга эрте. Аталган сунуш Пекинде өткөн конференцияда айтылган. Кытай тарап жоопту техникалык-эконмикалык негиздөө долбоору менен таанышкандан кийин берет. КР менен жакын болгон үчүн аларга кен иштетүү ыңгайлуу болот экенин Абрамович айткан.
Андан сырткары “коммерсант.ру” Кумтөр кениндеги талаш-тартыш иштери жөнүндө кошумчалап, маектештеринин Кыргызстан тууралуу “инвестициялык климаты начар өлкө” дегенин баса белгилеген.