Этникалык кыргыздарды жогорку окуу жайына өткөрүү сынактары 17-18-августка белгиленген.

Окууга өтүүнү пландап жаткан боордоштор аттестаты, КРден тышкаркы бир өлкөгө таандык паспорту менен өкмөткө караштуу мамлекеттик башкаруу академиясына келиши керек.

Сынактын жыйынтыктары билим берүү министрлигинин сайтына жарыяланарын аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.