Кыргызстандын жарандарына кандай кийинип жүрүүнү эч ким таңуулабашы керек.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, динге такап терроризмге түрткөндүн ордуна аялдардын кыска юбкада жүргөнү жакшы. Элди экстремизмге үгүттөө дин эмес.

Мамлекет башчы “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген баннерди колдогон. Анда кыргыз кыздарынын улуттук кийимчен жана паранжа кийген сүрөттөрү тартылган.