Баш мыйзамды өзгөртүү президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыкка келүүсүнө жол ачкан демилге эмес.

Мындай маалыматты Атамбаев маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, ага экинчи жолу президент болуусун суранган сунуштар түшүп жатат.

«Эгер мен кааласам, парламенттин катышуусу жок эле референдум уюштурмакмын. Премьер-министрлик кызматка баруум үчүн 300 миң кол чогултсам жетиштүү болмок», -дейт ал.

Коомчулукта Конституция өзгөртүү менен Атамбаев премьер-министрликке келет деген сөздөр айтылууда.