Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу таштардын кулоосу байкалган.
Кечээ саат 17:00гө чукул дагы бир жолу таштар кулап, анын көлөмү 421 куб. метрди түздү. Анын себебинен жолдо тыгын пайда болгон.
Саат 21:00дө унаа жолу толугу менен тазаланып, эки тарапка тең жүрүүгө мүмкүн болду.