Грузиянын Тбилиси шаарында 48 International Chemistry Olympiad (IchO — 2016) химия предмети боюнча Эл аралык олимпиада болуп өттү.

Олимпиадага дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн 320 окуучулар катышты.

Кыргызстандан барган  команданы “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу: Маметов Доорон, Автандил Саиддин, Абдыкерим уулу Эржигит жана Озбеков Азизибек түздү. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Таластагы “Мана Ата- Себат” лицейинин окуучусу Мэлисов Даян жана Токмоктогу Ж. Баласагын атындагы лицейдин окуучусу Бекташев Ислам коло медалга татыктуу болушту.

Бул эл аралык химия предмети боюнча олимпиада 1968- жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 4 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында химия предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет.

Бөлүшүү