Кабул шаарындагы Northgate мейманканасынан мина коюлган жүк ташуучу унаа жарылган.
Унаа жакын тургандыктан жардыруунун кесепети конок үйүнө да тийген. Андан кийин куралданган 4 адам мейманага кол салууга аракет кылган.
Tolo news билдиргендей, имаратта чет өлкөлүк жарандар болушу мүмкүн.
Жардырууга Орусияда террористтик уюм деп табылган жана тыюу салынган “Талибан” кыймылынын тиешеси бар экени белгилүү болду.