Чолпон-Ата шаарында берген маалымат жыйында Алмазбек Атамбаев “Кыргызстандын ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдик) мүчө болгондугу өлкөгө кандай жардам кылды” деген өңүттөгү сөзүн сүйлөдү.
“Биз көп нерсени унутта калтырып коёбуз. Бир канча жыл мурун өлкөдө электр энергиясы өчүрүлчү. Ак үйдүн дарбазасынан аттагандар болгон. 2010-жылдагы блокадада, кыргыз-казак чеги жабылып, бир наристе өмүрү менен кош айтышканы эсиңердеби?”, – деди президент.
Анын билдирүүсү боюнча, жашоо чындыгын көрө билүү керек.
«Керек болсо ЕАЭБ дагы башка боордош өлкөлөр коюп жаткан жасалма чектөөлөрдү ала албайт. Кыргызстандын кызыкчылыгы биз үчүн гана маанилүү. Өз укугубузду коргой билип, юридикалык укуктарыбызды билүүбүз зарыл. Эми бизге кандайдыр бир кабалоо жасоо оңойго турбайт. Анткени, биз ЕАЭБге мүчөбүз. Көз карандысыз жана күчтүү Кыргызстан КРдин жарандарына гана керек” – деп өлкө башчысы кошумчалады.