Анкара прокуратурасы 44 жогорку даражадагы бийлик кызматкерин камоого буйрук берди. Анын ичинде Гүленге тиешеси бар деп шектелген провинция губернаторлору да бар.

Азыркы учурда 33 адам камалып, 11и орган кызматкерлери тарабынан изделүүдө. Арасында ички иштер кызматкерлеринин бар экени айтылат.

Төңкөрүш аракетинен кийин 30 провинция губернаторунун жана 47 аймактык губернатордун кызматтан алынып, башка чиновниктерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Андан мурун Түркия бийлиги 758 аскерди бошоткон. Аскер окуу жайынын курсанттары жана сурак учурунда тиешеси жок болуп чыккандар коё берилген. Жалпы жонунан сот 989 ишти караган.

16-июлга караган түнү аскерий төңкөрүш аракети болуп, бийлик аны баскан. Калабага коомдук ишмер Фетхуллах Гүлен күнөлүү деп табылууда. Жалпы жонунан ага тиешеси бар делген 18 миң адам кармалган.