Ал кутучаны алып салгысы келген балким таштанды деп ойлогон дал ошол замат жарылуу болгон.

Бул маалыматты башкы прокуратура тактады.

29-июлда Орто-Сай айылында башкы прокуратуранын кызматкери Эркин Курманалиевдин унаасы жарылып, ал оң көзүнөн жана бир колунун билегинен ылдый айрылган.

34-жаштагы жабырлануучунун азыр абалы жакшы.

ИИМ министирлигинде комментарий берүүдөн баш тартышты.

Басма сөз кызматы азырынча иликтөө жүрүп жатканын айтты.

«Иликтөө сыры деген болот»,- деп билдиришти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү