Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгы жөнүндө эскертет.
1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына болгон салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.
Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салык органдары тарабынан төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт, анын ичинде патрулдук милициянын кызматкерлери менен биргеликте транспорт боюнча, кыймылсыз мүлк боюнча үйлөрдү жана батирлердин ар бирин кыдыруу иштери уюштурулмакчы.
Андыктан, төлөнбөгөн суммаларга туум эсептөөдөн жана административдик жоопкерчиликке тартуудан качуу максатында, бардык транспорт, турак-жай жана жер үлүшүнүн ээлерин салыктардын эсептелген суммасын өз убагында жана толугу менен төлөөгө чакырабыз.
Ошону менен бирге, транспорт салыгын төлөгөндөн кийин жарандар салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган, авто унаанын алдыңкы айнегине чаптала турган атайын чаптамаларды алуулары керек экендигин айта кетмекчибиз. Атайын чаптамалар бекер берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү