Чоң көлөмдөгү баннерлер шаар көрүнүшүн жакшыртуу максатында алынып жатат.

Мэриядан билдиргендей, бул иштер калааны КМШ өлкө башчыларынын саммитине, Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешине жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдоо болуп саналат.

Түнгө карай Манас, Ч.Айтматов, Чүй проспектилериндеги жана Байтик Баатыр, Ж.Абдрахманов көчөлөрүндөгү жарнак баннерлери алынды.