Жакында  эле саламаттыкты сактоо министирлиги Талантбек Батыралиев оорукана менен дарыканалардын ортосунда келишим бар, бул факт деп билдирүү жасады.

Бул сөздү Бишкек шаарынын тургуну Айсалкын Эркинбек кызы тастыктады.

«Ачык эле дарыгерлер өздөрүнүн тааныш же келишими бар дарыканаларына жөнөтүшөт. Ушул эле жерден аласың деп. Айрыкча өлүм алдында жатып, башка аргасы жок болгон адамдар бул маселеге туш болушат»,- дейт Эркинбек кызы.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин акы төлөөнү жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Асхат Азарбеков бул башаламандык бир нече жылдан бери кайталанып келе жаткандыгын жана кандай чаралар көрүлө турганын айтып өттү.

Анын айтымында, базар экономикасында кээ бир жерде арзан, кээ бир жерде дарылардын кымбат болушу нормалдуу көрүнүш. Бирок айрым дарыканалар айрыкча оорукана ичиндегилер, дармектердин баасын жосунсуз көтөргөн фактылар бар дейт.

«Өмүргө өтө маанилүү дарыларды дарыгер жазып берүүдө бир гана дарыкананын дарегин айтып коюушу мүмкүн. Кызыгы, ал дарынын аналогу болуп же башка дарыканаларда арзан кездешкен учурлар да болот. Бул жарандарга терс таасирин тийгизип, арыз жазгандар көп болууда»,- дейт адис.

Азыркы учурда Кыргызстанда дары-дармектердин баасы башка мамлекеттерге салыштырмалуу эки-үч эсе кымбат. Ошону менен катар патенттин баасы бир топ төмөн.

Ошондой эле чаралар көрүлө турганын айтты.

«Алгач эле өмүргө өтө маанилүү Кыргызстанда 300 дары бар. Аларды түздөн-түз мамлекет тараптан көзөмөлгө алууну көздөп жатабыз. Бизнеске каршы иш жүргүзүп баа саясатын жүргүзө албасак да атайын мыйзамды кабыл алуу аракетинин үстүндөбүз»,- дейт А.Азарбеков.