Бүгүн “Конституция. Кайда баратабыз?” деген аталыштагы жыйын өттү.

Анда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы 7 кишиден турган топ түзүлдү. Иш-чарага коомдук ишмерлер, саясатчылар катышты. Алардын урааны “Бийликти узурпациялоого жол бербейбиз” деп аталат.

Топтун курамына Адахан Мадумаров, Мавлян Аскарбеков, Рита Карасартова, Элмира Ибраимова, Замира Сыдыкова,  Чолпон Жакупова жана Нарын Айып кирди.

Бул жыйындын уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Равшан Жээнбеков өз сөзүндө Акаев, Бакиев убагындагы өзгөргөн Конституция жакырчылыкты жойбогонунун белгиледи.

Өткөн жумада КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча референдумду күзүндө өткөрүү сунушталып жатканын жар салган. Бул мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.