Ош шаарында үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан «Мекендештер-2016» форуму кечээ башталды.

Форумга экс-президент Роза Отунбаева, вице-премьер министри Гулмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депуттаттары, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров, акимдер, айыл өкмөттүн башчылары, чет өлкөдө иштеп жүргөн ишкерлер, кыргызстандык өндүрүшчүлөр,  көл өнөрчүлөр, дыйкандар, шаар тургундары катышууда.

Иш-чаранын максаты   —  чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен кубаттуу инвесторлордун көңүлүн буруу.

Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров форумдун катышуучуларына ийгилик каалап, бул иш чара инвестор тартуу жаатына чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп белгиледи.

“ Мекендештер форуму ишкерлер үчүн инвестор тартуу, өндүрүштү көбөйтүү, бизнести өнүктүрүү багытына жардам берет. Андыктан эки күндүк форум жыйынтыктуу кадамдар менен аяктайт деп ишенем. Ош шаарында чет жактагы жарандарга жардам берүү, ишкерлерди колдоо багытында да иштер жүрүп жатат”,- деди Сабиров.