Айып салуу чечимин Тажикстандын өкмөт алдындагы тил жана терминология комитети кабыл алды.

“Журналисттер окурман түшүнө албай турган кээ бир сөздөрдү бир күн ичинде 10 жолудан колдонушат. Аны менен бирге тил эрежелеринин нормасын бузушат”, — деген комитет башчысы Гавхар Шарифзода.

Анын билдирүүсү боюнча, тил нормаларын сактоо баарына тиешелүү.

ММКларды көзөмөлдөө үчүн атайын топ түзүлгөн.  Ал теле көрсөтүү, радио программаларды жана гезиттерди текшерет.

Айып пулдун суммасы 200 долларга чейин болот.

Бөлүшүү