“Айыл чарбаны каржылоо-4” программасы жарым жылдын ичинде 3 млрд сомго жакын  8389 шарттары жеңилдетилген насыя берген.

Анын ичинде “РСК Банк” ААКы — 3268, “Айыл Банк” ААКы  — 3254, “КИКБ”ЖАКы – 837, “Кыргызстан” ААК – 564  жана “Бакай банк” ААКы – 466 насыя берген.

Долбоордун максаты ишкерлик кылгандарга жана жеке жактарга мал багууга, дыйканчылык кылууга, айыл чарба продукцияларын иштетип чыгууга көмөктөшүүгө багытталган.

2016-жылдын ичинде аталган программа менен ишкерлер коммерциялык банктардан жана насыя менен каржылоо мекемелеринен жеңилдетилген төгүмү бар насыяларды ала алышарын каржы министрлиги билдирет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү