Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган дүйнө эли күрөшүп жаткан терроризмдин учугу кайдан уланып жатканын өлкөдөгү төңкөрүш аракетинен кийин түшүнгөн.

“Терроризмге түрткү берип жаткан жана бардык төңкөрүш, калабалардын артында турган бул батыш”, – деп ал Анкара шаарында өткөн экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Ал билдиргендей, дал ошол батыш өлкөлөрү Түркиядагы төңкөрүштүн артында турган. Президенттин көзү бул иш мурун ойлонулуп, анан ишке ашырылганына да жетти. Анткени менен батыш саясатчыларынын бирөө да көңүл айтууга жараган эмес.

Эрдоган достук мамиледеги өлкөлөр колдомок түгүл, төңкөрүштүн аркасында турганы үчүн катуу ызаланып жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү