Буга чейин II дүйнөлүк көчмөн оюндарына катыша турган өлкөлөрдүн саны 20га жеткен. Эми анын катарын бир жуманын ичинде 9 өлкө толуктады.
Италия, Латвия, Литва, Нидерланды, Польша, Украина, Шри-Ланка, Индия жана Эстония өлкөлөрү катышуу үчүн билдирме жөнөтүшкөн.
Спорттук мелдештерге катышууга табыштама алуу 7-августка чейин уланарын ДКОнун басма сөз кызматы билдирет.