33 жаштагы аял Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, талаага таштап кеткен.
Ысык-Көл облусттук ИИБ билдиргендей, окуя 28-июлда болгон.
Бул факты боюнча иликтөө иштери жүргөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 1986-жылы туулган тургуну кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.