Спорт иштери боюнча башкы комитеттин жардамчылыгына каныша Рима бинт Бандар Аль Саудду дайындоону министрлер кеңеши чечкен.
Ал мындан ары комитеттин аялдар бөлүгүнө көзөмөлдүк кылат. Ал эми ханзада Абдалла бин Мусаид Аль Сауд аталган комитетти жана Олимпиялык комитетти башкарат.
Өлкөнүн бийлиги аялдарга иштөөгө расмий түрдө уруксат берип баштады. Аларга кечкисин үй-бүлөлүүлөр жүрө турган жайларга кассир, сатуучу болуп иштөөгө болот. Ошондо да аялдар бөлүгүнө гана иштөөгө мүмкүн.
Мусулманчылыктагы эрежелерге ылайык аларга күйөөсүнүн же туугандарынын коштоосу жок коомдук жайларда жүрүүгө болбойт. Өлкөдө ишке жарамдуу калктын 17%ын аялдар түзөт.